Алыкул Осмонов - Отуз жаш (cover)
Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Ал 1915-жылы 21-мартта төрөлүп, 1950-жылы 12-декабрда көз жумган. Алыкул Осмонов кыргыз адабиятынын тарыхында өтө маанилүү орунду ээлейт. Ал кыргыз поэзиясын жаңы деңгээлге көтөргөн, дүйнөлүк классикалык поэзиянын үлгүлөрүн кыргыз тилине алып келген. Адамдын ички дүйнөсү, сүйүү, тагдыр, мекен темаларын терең чагылдырган чыгармалары менен белгилүү. Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз… Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас. Бирок чиркин аздыгына мейли эле, Анын октой тездигине катат баш. Кечээ гана тиги кырда жок эле, Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш? Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур! Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур. Тил албассың, жоголо бер, кете бер, Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур. Он беш жолу улам кайра туулуп, Он беш жолу жашарбасам, карап тур!
Название:
Алыкул Осмонов - Отуз жаш (cover)
Категория:
Разное