Ыраазычылык жана кайрылуу: СТЕМ - "Илим кыз"
CTEM: Айылдык кыз ITден артта калбаса! 25-майда «Илим кыз» интерактивдүү мектебинде онлайн сабактары аяктады. Долбоордун уюштуруучулары - «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ушуну менен 5- жыл катары мектеп жеткинчектерин билимге үндөп келген мыкты саамалык. STEM (Science, Technology, Engineering, and Mathematics) бул так, табигый, инженердик, техникалык илимдерге багыт берүүчү эл аралык демилге. Бул жылы көптөгөн мекендеш спикерлерлердин катарында Германиядагы IT адистер жана студенттер СТЕМ "Илим кыз" проектинде Кыргызстандагы кыздарга кыргыз тилинде мастер-класс өтүштү. Эң башкы темалар веб- жана мобилдик тиркемелер, маалымат базасы жана IT сабаттуулук cпикерлер Перизат Сүйүндүк кызы, Элнура Нуралиева, Нурзат Чынтемирова, Үмүт Муратбекова, Гүлбарчын Акбекова жана Толгонай Муратбекова тарабынан кыргыз тилинде даярдалды. Баамдаганыбызда бул онлайн мектепке негизинен Бишкектин өзүнөн жана Чүй областындагы ата-энелер, кыздар активдүү келишип, 2 жумалык мектепке регистрация кылышкан экен. Анан дагы кээ бир окуучу интернети өчүп, мүмкүн каражат же мүмкүнчүлүк жетишпегендиктен акыркы сабактарга катыша албай калышат экен. Анткени менен билимге умтулган, чыйрак кыздар интернеттин үзүлүп калып жатканына карабай, компьютери болбосо дагы, кичинекей чөнтөк телефондун жардамы менен сабактарга катышып жатышты. Ал эми алыскы региондордон, өзгөчө айыл жериндеги кыздар дагы көбүрөөк катышса абдан сонун болот эле! Сабак өтүлүп жатканда окуучу кыздардын IT тармагына ынтызарлыгын, билим десе жайнаган көздөрүн көрүп, бул заманбап кесипке мотивация берүү биз үчүн сыймык болду. Эгер ушул сабактар аркылуу жок дегенде эле бир кыздын билимге деген, келечекке деген көз карашын өзгөртө алсак, анда бул баарыбыздын жеңишибиз! Антсе дагы, келечектен үмүтүбүз зор жана Германиядагы жигердүү жаштардын тобу ушундай проекттерди колдоп, илим-билимге жана ITге кызыккан жаштардын көп болуусуна тилектешпиз. Германиядагы журтташтар, катышуучулар баардык уюштуруучуларга, "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондуна, өзгөчө Усупкожоева Анипа, Догдуркул Шаршеева эжелерибизге чоң ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө, айыл жериндеги ата-энелер, кыздарыңызды кийинки сабактарга регистрация кыласыздар деп үмүттөнөбүз! Kyrgyz-German IT Community
Название:
Ыраазычылык жана кайрылуу: СТЕМ - "Илим кыз"
Категория:
Разное