Ош шаарындагы Бабур театрын толук реконструкциялоо иши башталды
Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрында толук реконструкциялоо иши башталды. Вице-мэр Жасур Азимов баштаган жумушчу топ, 13-сентябрда жеринен кабар алып, аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Реконструкциялоо Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы эл аралык эки тараптуу социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык башталган. Театрды реконструкциялоо келерки жылдын башында бүтөөрү пландалууда. Жумуштун жалпы баасы 5 миллион долларды түзөт. Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, театрдын имараты толугу менен оңдолот.
Название:
Ош шаарындагы Бабур театрын толук реконструкциялоо иши башталды
Категория:
Разное