Аксы окуясы: бурмалоолор эмгиче көп

390 подписчиков

12+
12+

2 просмотра

15 дней назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав

390 подписчиков

12+
12+

2 просмотра

15 дней назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

2 просмотра

15 дней назад

Жалал-Абаддагы Аксы окуясынын бүгүн 18 жылдыгы – 2002-жылдын 17-март күнү Аксы районундагы Боспиек айылынын алдында милиция элдик жүрүштү токтотуп, ок чыгарган. Эл – район борбору Кербенге бараткан, анткени райондук сот ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровго карата жүрүп жаткан сот боюнча өкүм чыгармак. Ошол Боспиектин алдында эки адам окко учкан, дагы экөө ооруканадан жан берген, дагы бир катуу сабалган жигит үйүнө араң жетип, эртеси эртең менен кайтыш болгон. Ошол эртеси, 18-мартта, Кербендин көчөлөрүндө милиция бир жигитти машине менен кубалап барып атып салган. Набыт кеткендер – Медетбек Бекмуратов, Кадыркул Сапаралиев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев, Сатимбай Үркүмбаев жана Бегалы Четинбаев. Аларга экономист Шералы Назаркуловду да кошуш керек, ал Бишкекте ачкачылык жарыялагандарга кошулуп, 22 күн ачка отургандан кийин жүрөгү чыдабай, 7-февраль күнү каза болгон. Ал ачкачылыкка ондогон адам катышкан, акцияга бириккендер бир-бирин алмаштырып аракеттенген. Ошол ачкачылыкты жана башка акцияларды – азыр да активдүү Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова уюштурган. Депутат Бекназаров 2001-жылдын аягында президент Акаевге каршы импичмент ишин баштаган, анткени 1996чы менен 1999-жылы кол коюлган эки келишим боюнча Кытайга 110 миң гектар жер кетип жаткан. Ал келишимдерге кол коюу үчүн Бишкекке Кытайдын төрагасы Цзян Цемин эки жолу атайын учуп келген. Беканазаровду Бишкектен кармоого даабай, бийлик аны – шайлоочулар менен жолугуу үчүн Жалал-Абадка январда барганда кармаган. Бирок кызыгы – ошол кезде укук коргоочулар айтканды бийлик азыр сөзмө-сөз кайталап жатканында. Эгер ошол кезде бийлик азыркыдай болгондо, кан төгүлбөйт эле, башка да окуялар болбой калмак. Атамбаев да кийин Акаев менен Бакиевди сөгүп жүрдү, анткени ал кезде премьер-министр болгон Бакиев – Аксы эли толкуганда, «Тайфун» жана «Буран» деген эки милиция планын баштоо боюнча буйруктарга кол койгон. Бирок ошол кездеги оппозиция менен жарандык коом айткан туура сөздөрдү кайталаганы менен, иш жүзүндө бийлик мурдагы эле аракеттерди кайталоодо. Аксылыктардын айрым укуктук маселелери эмгиче чечиле элек жана азыр дагы ошондой эле нерселер уланып, мисалга, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновдун сот иштери эмгиче аяктабайт, эч күнөөсүз Эрнест Карыбеков да эмгиче абакта отурат. Андан да кызыгы – Аксыда күч колдонуу боюнча буйрукка Бакиев кол койгону менен, чечим президенттик администрацияда кабыл алынган, аны болсо Аманбек Карыпкулов башкарган, ага – мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жардам берген. Азыр болсо, Осмонакун «Азаттыкта» иштеп, Аксы окуясы тууралуу эмгектерди жаратууда. Үч жыл мурда болсо, Аксыдагы эскерүү митингинде – ошол окуяларга катышкан Турсунбек Акунга сөз да бербей коюшту. Баары тескериге айланып кетүүдө. Ошол 18 жыл мурда дагы Акаевдин идеологдору баарын тескери буруп, каза болгондордун денесиндеги октун издерин бычак менен чукулап, булар мас болуп алып, бир-бирин бычактаган деп айтууга даярдаган. Бирок ошол кездеги журналисттер баарын болгонун болгондой айтып чыккандыктан, Бакиевдин ордуна премьер болгон Николай Танаев май айында – маалымат согушунда өкмөт утулганын мойнуна алган. Ага чейин болсо бийлик – ээ-жаа бербеген эл Аксынын борбору Кербен шаарындагы райондук акимиат менен милиция бөлүмүн басып алууга аракеттенген жана ошондуктан милиция күч колдонууга аргасыз болгон, натыйжада адам өлүмү да болуп кетти деп расми түрдө билдирген. Жана 18 жыл өткөндөн кийин дагы милициянын маанайы өтө деле өзгөргөн жок, аны – 8-март күнү болбой калган жөө жүрүш эле далилдейт. Кыздарды сабаган жигиттерди кармагандын ордуна милиция – сабалган кыздарды кармап атпайбы. Кеп ошондо.

Название:

Аксы окуясы: бурмалоолор эмгиче көп

Категория:

Разное